Кыргызстанда жай быйыл адаттан дагы ысык болот

Кыргызстанда быйыл абанын температурасы нормадан 40 пайызга жогору болот. Мындай божомолдуу маалымат КМШ өлкөлөрүнүн аба ырайына прогноз кылган форумдун материалдарында жазылганын РИА Новости билдирди.

 

«Быйылкы жайда абанын температурасы Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Казакстандын түштүк, батыш, чыгыш тарабындагы аймактарда нормадан 40 пайызга жогору болушу божомолдонууда», — деп жазылат билдирүүдө.

Россиянын бир катар аймактарында да жай адаттан тыш аптаптуу болот. Түндүк Сибирь, Ыраакы Чыгышта абанын температурасы нормадан 60 пайызга чейин жогору болуп, ысый турганы айтылды.

 

Синоптиктердин маалыматында, кышкы сезонго берилген ушундай эле прогноз 70 пайыздан 76 пайызга чейин туура болуп чыккан.