Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга эл аралык донорлор жардам берет

Кыргызстанга коронавирустан вакцина сатып алууга эл аралык донорлор жардам берет. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, Ислам өнүктүрүү банкы россиялык вакцинанын 150 миң дозасын сатып алууга каражат бөлүп берет.

 

Акча насыя жана грант катары берилет деп пландалууда. Ал эми биринчи этапта “Спутник-V” вакцинасынын 30 миң дозасын сатып алууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт, — деди Ишенапысова. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирустан массалык эмдөө 29-мартта старт алды.