Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушунун негизги бөлүгү жыл аягына чейин жыйынтыкталат

Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушунун негизги бөлүгү жыл аягына чейин жыйынтыкталат.

 

Буга Унаа жана жолдор министрлигинен ишендиришүүдө. Маалыматка ылайык, учурда трассада асфальт төшөө боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

 

Жеринде 250 кызматкер жана 90 атайын техника иштеп жатат. Жыл аягына чейин  Бишкектин чыга беришинен унаа базарына чейинки тилке ачылат деп пландалууда. Эске салсак, Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу кытайлык аткаруучу компания тарабынан 2017-жылдан бери жүрүп жатат.