Кыргызстандыктар бүгүнтөн тарта жогорулатылган пенсия ала баштайт

Кыргызстандыктар бүгүнтөн тарта жогорулатылган пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулады.

 

Алсак, базалык бөлүк 1 миң 780 сом болсо, 1-октябрдан баштап 3 миң 170 сомго көтөрүлдү. Андан тышкары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады.