Жыл ичинде Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 148,5 миллион долларга жогорулады.
Быйыл январда республикага 151,5 миллион доллар келди. Аталган сумма былтыр ушул эле
мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 2 пайызга көп, — деп билдиришти Улуттук банктан.
Сумманын басымдуу бөлүгү, тагыраагы 146 миллион 900 миң доллары Россияга туура келет.
Ал эми башка өлкөлөрдөн келген каражаттын көлөмү 4 миллион долларды түздү