Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн ноябрда 84 миллион 750 миң доллар сатты

Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн ноябрда 84 миллион 750 миң доллар сатты.

Башкы каржы мекемесинин сайтында айтылгандай, акыркысы кечээ болуп,

16 миллион 100 миң доллар каржы рыногуна сатылды. Ушуну менен өткөн

айда жалпысынан он бир ирет интервенция жүргүзүлдү. Белгилеп кетсек,

акыркы эки айдан бери америкалык валюта кескин кымбаттады.

Учурда АКШ валютасы ордо калаадагы акча алмаштыруу

жайларында 84 сом 70 тыйынга сатып алынып, 84 сом 90 тыйындан сатылууда.