Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алгандарга “Алтын сертификаттар” бүгүн тапшырылат

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алгандарга “Алтын сертификаттар” бүгүн тапшырылат. Тастыктоочу документти бүтүрүүчүлөр президент Садыр Жапаровдун колунан алышат.

 

Салтанаттуу иш-чара Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кечки саат 6да башталат. Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчтөргө  57 бүтүрүүчү ээ болду.

 

Алар каалаган жогорку окуу жайга сынагы жок кабыл алынып, акысыз билим алат.