Россия быйыл жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн квоталардын санын көбөйттү

 

Россия быйыл жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн квоталардын санын көбөйттү. Бул тууралуу элчи Николай Удовиченко билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы Россиянын жогорку окуу жайлары биздин абитуриенттер үчүн 375 орун бөлсө, быйыл 500 квота берилди.

 

Россия ЖОЖдоруна Кыргызстан жарандары үчүн квоталардын саны дагы көбөйтүлөт, — деди россиялык дипломат.