Жогорку окуу жайларына кабыл алуу июль айында башталат.
Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исанов билдирди.
Анын айтымында, биринчи тур – 20чы, экинчи тур – 27-июлда,
үчүнчүсү 3-августта башталат. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө
21чи жана 22-июнга белгиленди. Күтүлгөндөй, ЖРТнын
жыйынтыгын бүтүрүүчүлөр 13-июлда колдоруна алып калат.