Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үйлөрдү суу каптады

Нөшөрлөп жаган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларында жети турак жайдын короосун жана жер төлөөсүн суу каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган аймактарга 25 кызматкер тартылып, учурда сел суулары сордурулду.

Ошондой эле Сузак районунда катуу жааган жаандын айынан кокту-колоттордон келген суу Кыр-Жол менен Боз-Чычкан айылын бириктирген ички чарбалык унаа жолун жаап калган.

Жеринде аткарылган иш-чаранын жыйынтыгында жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылды.