Кыргызстанда биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу 3-майда башталат

Кыргызстанда биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу 3-майда башталат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, даярдоо мөөнөтү 18 иш күнүн түзөт.

 

Андыктан, эгер жарандар жакын арада чет мамлекетке барууну пландап жаткан болсо, анда апрелдин аягына чейин 2006-жылкы үлгүдөгү чет элдик паспортту даярдоого арыз бериши керек. Бул учурда кыргызстандыктар даярдоо мөөнөтүн дагы өз алдынча тандай алат.

 

Ал эми биометрикалык чет элдик паспорттор тууралуу айта турган болсок, бул суроо процедура толугу менен чечилгенден кийин каралат.