Бишкек автобустарында жол кире 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек автобустарында жол кире 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, акыркы чечим майда кабыл алынат.

 

Мэр кошумчалагандай, окуучулар муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрөт. Тиешелүү түзүмдөргө ошондой эле, мектеп окуучуларына гана арналган автобустарды кое берүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди.