Кыргызстанда аялдардын айлыгы эркектердин айлыгынын орточо 75 пайызын түзөт

Кыргызстанда аялдардын айлыгы эркектердин айлыгынын орточо 75 пайызын түзөт.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.

Статистика боюнча республикада эркектердин орточо айлык акысы 21 миң 1000 сомду түзсө, аялдар орто эсеп менен 16,5 миң сом алышат.

Бирок билим берүү жана искусство тармагында эмгектенген аялдар эркектерден көп каражат табат.

Алсак, агартуучулук менен алектенген аялдар 15 миң сом, эркектер 14 миң 600 сом, ал эми искусстводо аялдар 11 миң 200 сом, эркектер 10,5 миң сом алышат.