Ысык-Көлдө биринчи күн электр станциясы курулат

Ысык-Көлдө биринчи күн электр станциясы курулат.

Евразия өнүктүрүү банкы, Жаратылыш ресурстар министрлиги жана башка компаниялар иштин биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу келишимине кол коюшту.

Күн электр станциясы жылына 91 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат.

Бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, суу ресурстарын үнөмдөйт.

Долбоордун болжолдуу суммасы 40 миллион долларды түзөт.