Учурда Кыргызстанда дары-дармектердин жетишсиздиги жок.
Буга вице-премьер-министр Аида Исмаилова ишендирүүдө. Анын айтымында,
саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп жатат.
Азыр мамлекет тарабынан дары-дармек сатып алуу маселеси каралууда. Исмаилова белгилегендей,
коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны жогорулаган учурда дарыларды алып-сатуу
учурлары катталды. Мындан улам бейтаптар керектүү препараттарды дарыканалардан таба албай калышкан.