Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого упайы белгиленди

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун босого упайы белгиленди. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн негизги тестирлөөдө 110, предметтикте 60 упай болушу керек.

 

Ал эми келишимдик негизде билим алууга босого упай – 105 балл деп орнотулду. Эске салсак, жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда старт алса, экинчи тур 27-июлга белгиленди, акыркысы 3-августта башталат.