Бишкекте дарыларды алып, кайра кымбат саткандар кармалды

Бишкекте дарыларды алып, кайра кымбат саткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. Ведомство ордо калаада рейд жүргүзүүдө.

 

Учурдан пайдаланып, мындай аракеттерге баргандарды аныктоо боюнча атайын операция өтүп, Клексан дарысынын баасы 8 миңден 14 миң сомго чейин чыккандыгы аныкталды.

 

Ал эми препараттын өз баасы 3 миң сомдон ашпай турганы белгилүү. Бул жаатта текшерүүлөр дагы улантылат, — дешти Каржы полициясынан.