Президенттик шайлоонун бюджети 687 миллион сомду түзөт

Президенттик шайлоонун бюджети 687 миллион сомду түзөт.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, сумманын 337 миллион сому

2020-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилет. Калган сумма кийинки жылдын эсебинен каржыланат.

369 миллион сом комиссия мүчөлөрүнүн маяналарына сарпталат. 168 миллион комиссиянын чыгымдарына жана

12 миллион чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерин уюштурууга багытталат.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленди.