Милиция кызматкерлери Пакистан жарандарынын сабалышына шектүүлөрдү кармады.
Алардын арасында, медицина кызматкери-волонтер Аббас Али Шах бар. Ички иштер
министрлигинен билдиришкендей, кармалгандар Ысык-Ата районунун жана Бишкектин
тургундары. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 19-июлда Кой-Таш айылында жаңжал чыккан. Белгисиз жарандар айылга
жакын жерде эс алып отурган Пакистандык жарандарга кол салышкан.