Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары көбөйдү

Быйылкы жылдын биринчи кварталында кыргызстандык мигранттар өлкөгө  дээрлик 543 миллион доллар которушту.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга же

дээрлик 100 миллион долларга көп. Акча которуулардын көбү мартка туура келет. Анда биздин өлкөнүн мигранттары мекенге

214 миллион доллар которушкан. Анын ортосунда акча коруулардын 97 пайызы же 529 миллион доллары Россиядан жөнөтүлдү.