Улуттук банк жыл аягына чейин инфляцияны 15,5 пайыз деңгээлинде божомолдоду

Улуттук банк жыл аягына чейин инфляцияны 15,5 пайыз деңгээлинде божомолдоду. Ал эми жылдын орточо инфляциясы 13,8 пайыз болушу күтүлүүдө.

 

Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин отчетунда айтылат. Ага ылайык, бул айда министрлер кабинетинин  орточо тарифтик саясаты жөнүндө токтомуна ылайык, 2022-23-жылдын жылуулук сезонунда электр энергиясына, ысык сууга жана жылуулукка баалар өсөт.

 

Андан тышкары, азыркы божомолдорго таянсак, алкоголдук суусудуктарга жана тамеки продукциясына кийинки жылы акциздер кымбаттайт.