Карыздар боюнча туум, санкция жана айыптарды эсептен чыгарууга үч жума калды.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Мыйзамга ылайык, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын 1-июлга чейин төлөгөндөргө 100 пайызга, бересени 2022-жылдын 31-декабрына чейин төлөгөндөргө 50 пайызга туумдар, санкциялар жана айыптар эсептен чыгарылат.
Жарандар салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуусу зарыл.