Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада жети медаль жеңди

Кыргызстандык окуучулар Болгариянын информатика боюнча XV Эл аралык (International Advanced Tournament in Informatics – John Atanasoff) олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медаль жеңип алышты.

 

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 18-20-апрелде онлайн форматта өткөн олимпиадага 14 өлкөдөн Senior (15.5 жаштан жогорулар) жана Junior (15.5 жашка чейинкилер) тайпаларында 500гө жакын окуучу, анын ичинде Кыргызстандын тайпасында 36 окуучу катышты.