Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга 12-июнда жөнөп кетет

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажыга 12-июнда жөнөп кетет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, ар бир учуучу топто 672 адам болот, аларды 15 башчы коштоп барат. Ал эми акыркы топ Сауд Аравияга 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча кетет. Алардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

 

Эске салсак, быйылкы ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3 миң 900 долларды түзөт.