Өлкөдө кийинки айда респиратордук вируска каршы эмдөө башталат

Өлкөдө кийинки айда респиратордук вируска каршы эмдөө башталат.

Республикалык штабдан билдиришкендей, сасык тумоого каршы вакцинация сентябрдын аягында старт алат.

Анын так күнү дарылардын келишинен көз каранды. Учурда 135 миңден ашык вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Мындан тышкары, дагы 700 миң доза алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды.

Ошондой эле вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн реагент жана тест-системалары сатылып алынат.

Эмдөө биринчи кезекте калктын белгилүү социалдык катмарына жүргүзүлөт.