Бишкекте COVID-19 боюнча кырдаал бир аз турукташты.
Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирет.
Анын айтымында, суткасына 140ка чейин жаңы учурлар катталууда.
Бул өтө көп дегенди билдирбейт. Вице-мэр белгилегендей, буга карабай
бардык жарандар санитардык нормаларды сакташы керек.
Учурда Бишкекте 24 миң 279 адам коронавируска кабылды.
Бул бүт өлкө боюнча статистиканын 33 пайызын түзөт.