Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда пландык эмдөө жүргүзүү үчүн жашыл коридор уюштурулду

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда пландык эмдөө жүргүзүү үчүн жашыл коридор уюштурулду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакцинация бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. Эрежелер аткарылгандан кийин гана кайрылган жаран эмдөө кабинетине киргизилет. Вакцина алган адам 30 мүнөт аралыгында көзөмөлдө болот. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда вакцинация акысыз жүргүзүлөт. Эмдөө жүргүзүү тууралуу расмий түрдө жарыялангандан кийин жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрыла алышат.