Бишкектеги кафелердин биринде чыккан өрт өчүрүлдү.
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, ордо калаанын 7-апрель-Мадиев көчөлөрүнүн
кесилишинде кафеден кечээ 19.00 чамасында өрт чыккан.
Жеринде өрт өчүрүүчү эки бригада иштеди. Тилсиз жоо
чектөөгө алынып, 19:58де толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.