Кечээ, 23-майда саат 20:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү
4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Сузак районунун, Кызыл-Үңкүр айылында 3,5 балл, Каду, Орток айылдарында
3 балл жана Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылында 4 балл,
Көсө-Терек айылында 3,5 балл, Көк-Алма айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.