Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун биринчи туру бүгүн аяктайт. Ал, эске салсам, 20-июлда старт алган. ЖОЖдорго кабыл алуу атайын платформада жүрүп жатат.
Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтында каттоодон өтүп, окуу жайды жана тармакты тандашы керек. 3 күн аралыгында абитуриент тандаган окуу жайда билим ала турганын тастыкташы зарыл. Экинчи тур 27-июлда башталат. Ал эми акыркысы 3-августта старт алат.