Жекшембиде футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты — Премьер-лиганын оюндары башталды. 2-апрелде биринчи турдун оюндар өтүп, “Абдыш-Ата” менен “Талант” командасы 0:0 тең ойносо, “Алай” командасы “ОшМУ-Алдиерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы жалгыз голду “Алай” командасынын оюнчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди.
Бүгүн, 3-апрелде “Алга” — “Кара-Балта” командалары, “Нефтчи” менен “Илбирс”, “Мурас Юнайтед” -“Дордой” беттешет.
Быйылкы өлкө чемпионатына 10 команда катышууда.
- “Абдыш-Ата” (Кант шаары)
- “Алай” (Ош шаары)
- “Алга” (Бишкек шаары)
- “Дордой” (Бишкек шаары)
- “Илбирс” (Бишкек шаары)
- “Кара-Балта” (Кара-Балта шаары)
- “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары)
- “Нефтчи” (Кочкор-Ата шаары)
- “ОшМУ-Алдиер” (Ош шаары)
- “Талант” (Чүй облусу).
Чемпионатка “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) менен “ОшМУ-Алдиер” (Ош шаары) командалары жаңыдан кошулду. Ал эми Баткен облусунан чыккан “Нур-Баткен” командасы быйылкы чемпионатка катышкан жок. Былтыр аталган команда Премьер-лигада дебют жасап, 27 турда 35 упай топтоп, жетинчи орунду ээлеген.