Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үчөө тең өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алардын арасында юрист жана мурдагы депутат бар.
Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өтөт.
Добуш берүү №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленди.