Бишкекте электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн 17 бригада ишке тартылды.
“Түндүк электр” ишканасынан novosti.kgге билдиришкендей, туруксуз аба-ырайынан
улам катталган жарык тармагындагы аварияны кызматкерлер калыбына келтирип жатышат.
Учурда үзүлгөн электр линиялары жаңыланып, айрым керектөөчүлөр резервдик
кубаттоочу түйүнгө кошулду. Аталган иштер Чүй жана Талас облусунда да жүрүп жатат.