Массалык уулануу катталган кафенин бардык тармактары убактылуу жабылды

Массалык уулануу катталган кафенин бардык тармактары убактылуу жабылды.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык

көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, учурда кафе тармактарында массалык ууланууга байланыштуу

эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү иштери жүрүп жатат. Эске салсак,

бүгүн таңда Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып,

медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85 адамга жетти.

Алардын бары роллы жешкен.