Кара-Кече көмүр кенин электр энергиясы менен камсыздоо иштери калыбына келтирилди
«Чыгышэлектр» ишканасынан «Азаттыкка» билдиришкендей, иштерди Жумгал райондук кызматкерлер аткарышты.
Эске салсак, 14-сентябрда Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин
«Борбордук» тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тозулуп калган.
Көчкүнүн көлөмү алдын ала маалымат боюнча 2 миллион кубометрди түзгөн.
Мындан улам бир катар мамы жана аба чубалгысы жер көчкүнүн астында калып, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.