Кыргызстандыктар эми пенсия топтомдорун ипотека жана дарылоо төлөмдөрүнө колдоно алат

Кыргызстандыктар эми пенсия топтомдорун ипотека жана дарылоо төлөмдөрүнө колдоно алат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Документке ылайык, пенсиялык топтому бар камсыздандырылган жарандар аны  ипотекалык насыя алууда колдоно алат. Андан тышкары, оор дарттарды аныктоо боюнча диагностикада дагы медициналык чыгашаларды пенсиялык топтом менен жапса болот.