Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн,
эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу
райондордо сел капташы ыктымал. Андан улам
жарандарга өзгөчө этият болуу сунушталат.