Ош шаарынын тургундарынын электр энергиясына болгон карызы 9 миллион сомдон ашты

Ош шаарынын тургундарынын электр энергиясына болгон карызы 9 миллион сомдон ашты.

Бул тууралуу “Акчабарга” “Ошэлектро” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык,

быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча, юристтер электр энергияга болгон

карызды өндүрүү үчүн сот органдарына 58 ишти өткөрүп беришти. Анын ичинен

20 иш боюнча маселе чечилип, анын алкагында 250 миң сом өндүрүлдү. Ишканадан

белгилешкендей, төлөмдөрдү өз маалынан кечикпей берүү сунушталат.

Ошондой эле электр энергияны үнөмдүү пайдалануу зарыл.