Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы айы-чарбага зыянын тийгизүүдө

Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы айы-чарбага зыянын тийгизүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,  Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жааган мөндүрдөн 23 гектар картөшкө, 5 гектар арпа, 4 гектар буудай жана 6 гектар беде айдалган талаалар жабыркады.

 

Жети-Өгүз районунда Барскоон, Ак-Коргон жана Көк-Ой айылдарында 16 үйдүн короосун суу каптады.

 

Ошондой эле сугат каналы бузулду. Баткендин Лейлек районунда  кокту-колоттордон келген суу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 327-331-чакырымдарын жууп, жол кыймылын токтотту. Тазалоо иштери уланууда.