Сауд Арабияга умрага барган 651 Кыргызстандык мекенине келди

Сауд Арабияга умрага барган 651 Кыргызстандык мекенине келди.

Бул тууралуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун

орун басары Бахтияр Шакиров билдирди. Анын айтымында,

Сауд Арабия аба майданын жапкандыктан жандар өлкөдөн чыга албай калган.

Кичи ажылыкка жалпысынан 654 жаран барган. Алардын 651и келди.

Учурда үчөө ал жакта. Алардын жашы улуу болгондуктан, ден соолугуна

байланыштуу дарыгерлердин кароосунда калды. Ал эми келген жарандар үй карантинине алынды.