Калкты кайра каттоо үчүн 28 миң адам ишке тартылат

Калкты кайра каттоо үчүн 28 миң адам ишке тартылат.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, республика боюнча

25-марттан 3-апрелге чейин жана алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга

чейин өтө турган калкты жана турак жай фондун кайра каттоодо мигранттар,

майыптар жана калктын социалдык-экономикалык абалы тууралуу

маалыматтар алынат. Андан тышкары, жарандардын үйүндө ысык суу барбы,

биогаз колдонобу деген сыяктуу суроолор берилет. Процесс толук электрондук

форматта өтөт. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме даярдалды.

Мындай ыкма менен эл каттоонун жыйынтыгын 6 айда алуу мүмкүн болот.