Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, олимпиада Бишкек, Ош шаарларында,
облустук борборлордо өтүп жатат. Ага экинчи этапта 1-2-орундарды
алган дээрлик 2 миң окуучу катышууда.