Кыргызстанга 12-ноябрда коронавируска каршы дагы бир россиялык вакцина келет

Кыргызстанга 12-ноябрда коронавируска каршы дагы бир россиялык вакцина келет.

Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Спутник Лайт” препаратынын 200 миң дозасы Бишкекке жеткирилет.

Россия өкмөтүнүн чечими менен вакцина акысыз түрдө жардам катары ыйгарылат. Эске

салсак, буга чейин Кыргызстанда россияда өндүрүлгөн “Спутник-В” вакцинасы колдонулган.