Мэрия мектептерге 10,2 млн сомго технологиялык жабдууларды сатып алат

Бишкек шаарынын мэриясы эки мектеп жана бир бала бакчага 10 миллион сомдон ашык каражатка технологиялык жабдууларды сатып алат.

Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында жазылды.

Тендерди мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Ага ылайык. Мурас-Ордо жана Алтын-Ордо конуштарында курулуп жаткан орто мектептерге, Кара-Жыгач конушундагы бала бакчага технологиялык жабдууларды сатып алуу пландалууда.

Ал эми чыгашалардын пландалган көлөмү 10 миллион 283 миң сомду түзөт.