Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайызга чейин жогорулатты.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, мындай чечим

дүйнөлүк экономикадагы бүгүнкү тенденцияларды эске алуу менен, өлкөдөгү

инфляциялык процесстерди төмөндөтүү максатында, баалардын кескин өсүшүн

токтотуу үчүн кабыл алынды. Адистердин айтымында, эсептик чен жогорулаганда

депозиттер боюнча дагы чендер өсөт. Бул өз кезегинде улуттук валютадагы

аманаттардын жогорулашын шарттайт. Ал эми керектөөчүлөрдүн активдүүлүгү

тескерисинче, төмөндөйт. Натыйжада керектөө азайып, баалардын өсүшү басаңдайт.