Бишкекте №17 үй-бүлөлүк медицина борборунан башкасынын баары иштеп жатат.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Буга чейин Чоң-Арыктагы
№17 бейтапкана дезинфекциялоо иштерине байланыштуу жабылганы айтылган.
Буга аталган медициналык мекеменин төрт кызматкеринен коронавирус
аныкталганы себеп. Бейтаптар менен байланышта болгондор обсервацияга алынды.