Кыргызстандагы эң көп акча төлөнүүчү тармактар аталды. Жылдын биринчи жарымына карата рейтингди Улуттук статистика комитети түздү. Ага ылайык, эң чоң айлык каржылык ортомчулук тармагынын кызматкерлеринде – 36 миң 28 сом.
Үчилтикке ошондой эле маалымат жана байланыш, пайдалуу кендерди казуу тармактары кирди – маяналары 35 миң сомдон.
Эң аз маяна саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, айыл-чарба жана искусство тармактарындагы кызматкерлерде. Алардын айлыгы араң 10 миң сомдон ашат.