оронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн 30 миллион сом бөлүнөт

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо

министрлигине 30 миллион сом берилет. Каражатты бөлүүнү Жогорку кеңештин

каржы комитети кабыл алды. Ага коргонуу жана дезинфекциялоочу медициналык

каражаттар сатылып алынат. Белгилүү болгондой, өлкө аймагында коронавирус

каттала элек. Республиканын чек араларында адистер текшерүү жүргүзүп жатышат.

Ал эми бейтапканаларда пневманияга шектүүлөрдү жайгаштырууга палаталар даярдалды.