Кыргызстанга ташылып келе жаткан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды.
УКМКнын маалыматына ылайык, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү түйүнүнөн жүк
ташуучу унааны текшерүү учурунда баасы болжол менен 10 миллион сомдон
ашык, «ар түрдүү товар» деп катылган 224 куту дары-дармек табылды.
Препараттардын тиешелүү документтери жок. Унаа Россиядан келип,
республиканын түштүгүнө бараткан. Учурда контрабандалык жүктүн
чыныгы ээлерин аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.