Жакынкы 3 жыл ичинде доллар 86 сомдук чектен ашпайт

Жакынкы 3 жыл ичинде доллар 86 сомдук чектен ашпайт. 2021-23-жылдары америкалык валюта туруктуулугун сактайт. Бул тууралуу Евразиялык өнүктүрүү банкынын отчетунда айтылат.

 

Божомолдорго ылайык, банктар валюта серпилүүлөрүн алдын алуу үчүн интервенцияларды өткөрүүсүн улантат. Муну менен 2023-жылга чейин доллардын куну 84-86 сомдун тегерегинде сакталат, — дешти Евразиялык өнүктүрүү банкынан.